Трабзондогу үңкүргө 11 айда 182 миң 511 турист келди

Дүйнөдөгү эң узун экинчи үңкүр деп эсептелген Чал үңкүрү, келгендерге төрт мезгил бою теңдешсиз кооздуктарды тартуулоодо.

1546011
Трабзондогу үңкүргө 11 айда 182 миң 511 турист келди

Трабзондо сталактиттери, сталагмиттери, дарыясы, шаркыратмалары жана көлмөлөрү менен жер астындагы "жашыруун бейиш" деп мүнөздөлгөн "Чал" үңкүрү жылдын 11 айында 182 миң 511 туристти кабыл алды.

Дүйнөдөгү эң узун экинчи үңкүр деп эсептелген жана "жер астындагы жашыруун бейиш" деп сыпатталган Чал үңкүрү, келгендерге төрт мезгил бою теңдешсиз кооздуктарды тартуулоодо.

Акыркы жылдары чет элдик туристтер көп барган жерлердин катарына кирген жана болжол менен 1050 метр бийиктиктеги үңкүр, үстүндөгү тарыхый сепил менен адамдарды суктандырууда.

"Чал" үңкүрү табигый кооздуктарынан тышкары үстүндө жайгашкан сепилиндеги чайканасы, уникалдуу кафеси жана улуттук тамак-аштары менен да көңүлдөрдү бурууну улантууда.



Тектеш кабарлар