Шахин-Түрежи жубайлары АКШ медиасында жаңырууда...

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) эң көрүнүктүү гезиттеринен Wall Street Journal (WSJ) жана Нью-Йорк Таймс (Нью-Йорк Таймс) Шахин менен Түрежинин ийгилигин жана анын иммигранттар жамаатына тийгизген таасирин чогуу көтөрүп чыгышты.

1539069
Шахин-Түрежи жубайлары АКШ медиасында жаңырууда...

 

Германияда Pfizer менен өнөктөшүп өнүктүргөн,  коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцина иштеп чыккандыгы менен аты угулган, BioNTech компаниясынын куруучуларынын арасында орун алган түрк дарыгерлери проф. Д-р. Угур Шахин жана анын жубайы д-р. Өзлем Түрежи Американын массаллык маалымат каражаттарында чагылдырылууда.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) эң көрүнүктүү гезиттеринен Wall Street Journal (WSJ) жана Нью-Йорк Таймс (Нью-Йорк Таймс), Шахин менен Түрежинин ийгилигин жана анын иммигранттар жамаатына тийгизген таасирин чогуу көтөрүп чыгышты.

Батышта биринчи жолу Ковид-19 вакцинасын түрк тектүү эки илимпоз Германиянын чакан шаарчасынан тапкандыгын баса белгилеген WSJдеги макалада, "Бул вакцина өтө тез иштелип чыккан дары, бирок бул 30 жылдык изилдөөнүн натыйжасы» деп айтылган.

Макалада Д-р Шахиндин 30 жылдан бери рак жана вирустар менен күрөшүү үчүн mRNA боюнча  изилдөө жүргүзүп келе жаткандыгы белгиленип, бул жааттагы билимин жана тажрыйбасын Ковид-19 эпидемиясы башталгандан кийин эмдөө изилдөөлөрүнө багыттагандыгы белгиленди.

Макалада, Morgan Stanleyдин эсептөөлөрү боюнча, вакцинанын Pfizer жана BioNTech компанияларына 13 миллиард доллардан ашык киреше алып келери болжолдонууда жана Шахин вакцинадан түшкөн кирешени көп жылдар бою иштеп келген mRNA негизиндеги ракты дарылоо изилдөө иштерине жумшайт деген маалымат бөлүшүлдү.

NYTдагы «Германиялык түрк жубайлар бизди вирустан коргой алышат. Эмне үчүн Германия ыңгайсыз?» аттуу макалада Батыштагы иммиграцияны түшүнүү боюнча Шахин-Түрежи түгөйүнүн ийгилигине таянуу менен баа берилди.

Макалада, Шахин-Түрежи жубайынын окуясы Германияда акыркы 10 жылда кеңири жайылып кеткен иммигранттарга болгон ачууну басаңдата турган мүнөзгө ээ экени айтылган.

Иммигранттарды билимсиз, жакыр жана өлкөлөрдүн ресурстарын эксплуатациялаган кылмыштуулуктун деңгээли жогору деп эсептелген Батышта жазылган макалада, Шахин менен Түрежи түгөйлөрүнүн ийгилиги бул түшүнүктү жок кылуу жана иммигранттар коомду кантип байытып, тереңдетип жаткандыгын түшүнүү мүмкүнчүлүгү катары каралышы керектиги айтылган.

Иммигранттардын дагы деле болсо немис коомунда өзүнчө бир топ катары каралып жаткандыгына көңүл бурган макалада «Азырынча доктор Шахин менен доктор Түрежинин окуясы абдан маанилүү. Бул Германиянын жетишкендиктерин өлкөнү өз мекени деп эсептеген иммигранттардан бөлүп кароого болбой тургандыгын көрсөттү»,деп бааланган.



Тектеш кабарлар