Ибрахим Эрен: «TRT World Forum аркылуу угулбаган үндөрдү угуздук»

Ибрахим Эрен, быйыл «Пандемиядан кийинки эл аралык тартип жана дүйнөдөгү өзгөрүү динамикасы» деген аталыш менен онлайн режиминде өткөрүлгөн TRT World форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

1537719
Ибрахим Эрен: «TRT World Forum аркылуу угулбаган үндөрдү угуздук»

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен, TRT World Forum аркылуу угулбаган үндөрдү угузгандарын айтты.

Ибрахим Эрен, быйыл «Пандемиядан кийинки эл аралык тартип жана дүйнөдөгү өзгөрүү динамикасы» деген аталыш менен 1-2-декабрь күндөрүндө төртүнчүсү коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу онлайн режиминде өткөрүлгөн TRT World форумунун ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Эрен, форумдун чечимдерди кабыл алуучуларга, даанышман жол башчыларга, коомдук пикирдин лидерлерине, саясатчыларга жана жарандык коомдун мүчөлөрүнө бүгүнкү күндүн эң маанилүү маселелерин ар кандай көз караш менен талкуулоого мүмкүнчүлүк бере турган чыныгы глобалдык платформаны камсыз кылууга багытталгандыгын баса белгиледи.

TRT World Forum алгач уюштурулган күндөн бери «Дүйнөлүк коомдоштуктун мүчөлөрү менен бир кемеде болгонубузду» баса белгилөө үчүн көп күч-аракет жумшагандыгын айткан Эрен: «Биз ошондой эле кээ бир үндөр башкаларга караганда жеңилирээк жана көбүрөөк угулат деп айтканбыз. Андыктан биз көп жылдар бою бардык маселелерде көңүл бурулбай келген жана угулбаган нерселерди жарыялоо үчүн көп иштедик. Биз угулбаган үндөргө үн болуп бердик»,-деп айтты.

Эрен, бул ТРТнын эл аралык таасиринин негизиндеги негизги философия экендигин белгиледи.

«Угулбагандардын үнү болуу - ТРТнын баалуулугу катары урааны. Бул жерде биз ТРТ Дүйнөлүк форумун ушул сезимталдык менен түздүк»,- деди.

Эрен форумга салым кошкондордун баарына, айрыкча президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар