Бостон түрк кино фестивалы
Бостон түрк кино фестиаль программасы тууралуу маалыматты www.BostonTurkishFilmFestival.org адресинен алууга болот.
Түрк кинолору АКШнын Бостон шаарында кино сүйүүчүлөр менен жолугушат.
Түрк киносунан тандалган чыгармалар орун алган 19 - Бостон түрк кино фестивалы 22 - ноябрдан 15 - декабрга чейин өткөрүлөт.
Жаңы тип коронавирустан улам март айында кечеңдетилген Бостон түрк кино фестивалында заманбап түрк киносунан тандамал чыгармалар амеркиалык көрүүчүлөргө көрсөтүлөт.
Фестивалдын программасында Эмин Алпердин «Эже сиңдилер», Нихат Дурактын «Каалга», Марина Ер Горбах жана Мехмет Бахадыр Эрдин «Өмер жана биз», Эйлем Кафтандын «Кован», Али Өзелдин «Бозкыр», Кыванч Сезердин «Күчүк шейлер», Эмре Йександын «Йува», Өзкан Йылмаздын «Солук» аттуу узун метраждуу кинолору орун алды.
АКШда биринчи жолу көрсөтүлө турган узун метраждуу кинолор менен бирге фестивалда 2006 - жылдан бери уюштурулган даркетүү жана кыска метраждуу фильм конкурсунда сыйлык алган филимдерден турган тандалмалар да бар.
Фестивалдын негизинде өзгөчө түрк киносу менен сыйлык алган режиссерлор катышкан дистанциялык панелль да өткөрүлөт.
Бостон түрк кино фестиаль программасы тууралуу маалыматты www.BostonTurkishFilmFestival.org адресинен алууга болот.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.