Стамбул аэропорту эл аралык сыйлыкка ээ болду

Сыйлык кечээ Бельгиянын борбору Брюсселде өткөн сыйлык тапшыруу аземинде тапшырылды.

1530199
Стамбул аэропорту эл аралык сыйлыкка ээ болду

Эл аралык аэропорттор кеңеши тарабынан уюштурулган «16-ACI Europe Awards» алкагында Стамбул аэропорту «Санариптик трансформациядагы Европанын мыкты аэропорту» сыйлыгы менен сыйланды.

Түркиянын дүйнөгө ачылган дарбазасы Стамбул аэропорту, долбоорлоо баскычында эле аэропорттун ар бир чекитин санариптештирүү жана технологиянын бардык процесстерин интеграциялоонун натыйжасында, Эл аралык аэропорттор кеңеши (Airports Council International ACI) тарабынан санариптик трансформация категориясы боюнча эң мыкты аэропорт деп табылды.

Сыйлык кечээ Бельгиянын борбору Брюсселде өткөн сыйлык тапшыруу аземинде тапшырылды.

IGA Аэропортунун Иш башкаруучусу жана башкы менеджери Кадри Самсунлу жүргүнчүлөрдүн эң негизги талабынын санариптик саякатка ээ болуу экендигин айтты.

Ушул талапты эске алган Самсунлу, санариптештирүүнү жана технологияны биринчи күндөн баштап Стамбул аэропортунун борборуна жайгаштырдык деп түшүндүрдү.

Ал:«Бул багытта, биз Стамбул аэропортундагы жүргүнчүлөргө уникалдуу санариптик саякат тажрыйбасын, технологиянын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен сунуш кылган акылдуу чечимдерибиздин жардамы менен бере алабыз. Жакынкы келечекте, биздин биринчи максатыбыз санариптик интеграциясындагы ылдамдыгыбызды жогорулатып, аэропорттун ишин «технологиялык иш» баскычына жеткирүү башкы максатыбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар