Вакцина иштеп чыккан түрк доктурлар БУУга чакыруу алышты

Бозкыр Твиттердеги аккаунтунда түркиялык илимпоздор Шахин жана Түрежи менен видеоконференция аркылуу сүйлөшкөнүн жана аларды бүткүл дүйнөгө үмүт берген жетишкендиктери үчүн «куттуктаганын» билдирди.

1529061
Вакцина иштеп чыккан түрк доктурлар БУУга чакыруу алышты

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 75-Башкы Ассамблеясынын төрагасы Волкан Бозкыр, Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцинасын иштеп чыккан Германиянын BioNTech биотехнологиялык компаниясынын негиздөөчүлөрү, профессор Угур Шахин жана Доктор Өзлем Түрежини 3-4-декабрь күндөрүндө өткөрүлө турган саммитке чакырды.

Бозкыр Твиттердеги аккаунтунда түркиялык илимпоздор Шахин жана Түрежи менен видеоконференция аркылуу сүйлөшкөнүн жана аларды бүткүл дүйнөгө үмүт берген жетишкендиктери үчүн «куттуктаганын» билдирди.

Волкан Бозкыр: «Алар 3-4-декабрда мен төрагалык кыла турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын Ковид боюнча атайын отурумунун баяндамачысы катары менин чакыруумду кабыл алышты»,-деди.

BioNTech компаниясы Ковид-19га каршы иштеп чыккан потенциалдуу вакцинасы вируска каршы 90 пайыздан ашык натыйжалуу экендиги жарыяланды.



Тектеш кабарлар