Пакдемирли: «35 өлкөдө бир учурда көчөт отургузабыз»

Пакдемирли Измирде өткөн "Айыл чарба жана токой чарбачылыктын келечеги" тууралуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

1509751
Пакдемирли: «35 өлкөдө бир учурда көчөт отургузабыз»

Айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли "Келечекке дем алуу" акциясынын алкагында 11-ноябрда 35 өлкөдө бир учурда көчөттөрдү отургуза тургандыктарын билдирди.

Измирде өткөрүлгөн "Айыл чарба жана токой чарбачылыктын келечеги саммитинде" сөз сүйлөгөн Пакдемирли, былтыркы токой өрттөрүнөн кийин терс көрүнүшкө оң көрүнүш кошуу үчүн "Келечекке дем алуу" акциясын уюштургандарын айтты.

Пакдемирли: «Келечекке дем алуу акциясы тарыхтагы эң ийгиликтүү өнөктүктөрдүн бири болду. Биз 11-ноябрда кайрадан талаага чыгабыз, бул ирет 35 өлкөдө бир учурда көчөттөрдү отургузабыз. Бул жерде эң негизгиси бак-дарактар жөнүндөгү маалымдуулукту жогорулатуу»,- деди.


Этикеткалар: #Айыл чарба

Тектеш кабарлар