Эрдоган Анкаранын борбор шаар болушуна карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Анкаранын борбор шаар болуп жарыяланган күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады.

1507738
Эрдоган Анкаранын борбор шаар болушуна карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган Анкаранын 1923-жылдын 13-октябрында борбор шаар болуп жарыяланган күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады.

Боштондук күрөшүнүн штабы жана Түркиянын көз карандысыздыгы жана келечектеги үчүн кабыл алынган чечимдер жана башкаруу борбору болгон Анкаранын борбор шаар болуп жарыяланган күнүн куттуктаган Эрдогандын билдирүүсүндө: «Улуттук күрөш (1919-1923) мезгилинде жана Түркия Республикасынын түзүлүү процесстеринде тарыхый ролду ойногон Анкара, бүгүнкү күндө дагы улуттук эрктин ишке ашырылышы жагынан Түркия Улуу Улуттук Жыйыныбыз сыяктуу көптөгөн маанилүү коомдук мекемелер жана уюмдарга кожоюндук кылуу менен өлкөбүз үчүн маанилүү позициясын улантууда.

Ушул ардактуу жана мазмундуу күндө, Улуттук күрөштүн каармандарын, айрыкча Гази Мустафа Кемал Ататүрктү (республиканын негиздөөчүсү), бардык шейиттерибизди жана ардагерлерибизди урматтоо жана ыраазычылык менен эстейм, Анкара шаарынын борбор шаар деп жарыяланган күнү менен куттуктайм жана жарандарыбызга чын жүрөктөн чыккан сезимдерим менен салам жолдойм.



Тектеш кабарлар