Дүйнөнүн эң чоң технология фествалы TEKNOFEST 2020 аяктады

Түркиянын технология командасы фонду (T3 Фонду) жана Өнөр жай жана технология министрлигинин уюштуруусунда, Түркиянын алдыңкы технология компаниялары, мамлекеттик мекемелер, медиа уюмдары  жана университеттердин колдоосу менен фестивал өттү.

1498816
Дүйнөнүн эң чоң технология фествалы TEKNOFEST 2020 аяктады

Быйыл үчүнчү жолу өткөрүлгөн дүйнөдөгү эң ири авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST 2020 Газиантеп кечээ чоң шыктануу менен аяктады.

Түркиянын технология командасы фонду (T3 Фонду) жана Өнөр жай жана технология министрлигинин уюштуруусунда, Түркиянын алдыңкы технология компаниялары, мамлекеттик мекемелер, медиа уюмдары  жана университеттердин колдоосу менен фестивалдын төртүнчү күнүндө да сыйлыктар ээлерин тапты.

Түркия үчүн өтө маанилүү тармактардагы технологиялык атаандаштык, учууларды тартуулоо, сыйлык тапшыруу аземи жана президент Режеп Таййип Эрдогандын келиши баш болгон көптөгөн унутулгус учурлар эсте калды.

Сахнада жаштар менен жыйынтыктоочу сөз сүйлөгөн T3 Фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана TEKNOFESTтин төрагасы Селчук Байрактар: «Жаштарга жана Текнофесттин толкундануусун тартуулагандардын бардыгына ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

Түркиянын илим жана инженерия тармактарында жетилген адам ресурстарын арттырууну максаттаган  TEKNOFESTтин алкагында 21 ар башка категорияда уюштурулган технология мелдештеринде 20 миң 197 командадагы 100 миң жаштар жарышышты.

Түрк аба күчтөрүнүн аэропорттук командасы Түрк Жылдыздарынын жана Соло Түрктүн укмуштуудай шоу-учууларын аябай суктануу менен көрүштү. Кызыктуу учурларга күбө болгон Атак тик учактары чоң кол чабууларга ээ болушту. Шыктануу, толкундануу жана адреналин фестивалдын бардык мезгилинде уланды.



Тектеш кабарлар