Коммуникация башкармалыгы эл аралык конференция өткөрөт

Коммуникация башкармалыгы тарабынан 24-сентябрда «Эл аралык Чыгыш Жер Ортолук деңиз» конференциясы өткөрүлөт.

1495352
Коммуникация башкармалыгы эл аралык конференция өткөрөт

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан 24-сентябрда «Эл аралык Чыгыш Жер Ортолук деңиз» конференциясы өткөрүлөт.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда, Түркиянын  Чыгыш Жер Ортолук деңизинде  акыйкаттык жана кызматташтык көз карашы менен мунун эл аралык системага таасири талкуулана турган видео конференциянын ачылыш сөзүн коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун жасайт.

Конференциянын «Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркиянын теңдик жана кызматташтык көз карашы» темалуу биринчи отурумда, тышкы иштер министринин орун басары Селим Кыран, энергетика жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары Алпарслан Байрактар менен ​​Президенттиктин коопсуздук жана тышкы саясат кеңешмесинин мүчөсү,профессор д-р. Чагры Эрхан сөз сүйлөйт. Журналист Мерйем Илайда Атлас биринчи отурумду алып барат.

Экинчи отурумда Президенттин башкы кеңешчиси, проф. д-р Гүлнур Айбет, Хадсон институтунун улук мүчөсү Майк Доран, Жеймстаун фондунун президенти Глен Ховард жана Санни деңиз колледжинин профессору Марк Мейровиц «Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги адилеттүү кызматташтыктын эл аралык тутумга чагылдырылышы» боюнча баа берет. Бул отурумдун модераторлугун SETA Washington DCдин изилдөө директору Кылыч Бугра Канат аткарат.



Тектеш кабарлар