Түркиянын кулинардык маданияты таанытылат

Эмине Эрдоган кечээ Стамбулдагы Хубер сарайында китепке салым кошкон академиктер, эксперттер жана ашпозчулар менен жолугушту.

1493716
Түркиянын кулинардык маданияты таанытылат

Түркиянын кылымдарды карыткан кулинардык маданияты, президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын карамагында даярдалган "Кылымдык рецепттер менен түрк ашканасы" китебинин негизинде дүйнөгө таанытылат.

Эмине Эрдоган кечээ Стамбулдагы Хубер сарайында китепке салым кошкон академиктер, эксперттер жана ашпозчулар менен жолугушту.

Ушул биргелешкен аракеттин аркасында түрк ашканасынын ар кандай аспектилери менен чет өлкөлөрдө таанытыла алаарын белгилеген Эрдоган: «Мен бай кулинардык маданиятыбызды тааныштыруу зарылдыгын чет өлкөгө барганда көбүрөөк сезем. Африкадан Латын Америкага, Ыраакы Чыгыштан Европага болгон бардык сапарларыбызда чындыгында биздин ашкананын үстүндө эч кандай ашкана жок экендигин байкайм. Молчулуктун жана түшүмдүүлүктүн аймагы Анадолуну тааныштыруунун эң натыйжалуу жолу – гастрономия болуп саналат. Башка ашканаларда бир гана негизги түс болсо, биздин гастрономия тарыхыбыз кеңири географиялык тажрыйбанын жана түркүн түстүү маданий мозаиканын жемиши. Бул ар түрдүүлүк, биздин толеранттуулук маданиятыбыздын издерин да сактайт. Каталониялык жазуучунун эң сонун сөзү бар; «Тамак искусствосу - бул казандан көрүнгөн аймак болуп саналат» деп айтат. Ошондуктан биз бул аймактын байлыгын жана айырмалоочу өзгөчөлүктөрүн гастрономия аркылуу таанытуу үчүн жооптуубуз»,-деди.

«Кылымдык рецепттер менен түрк ашканасы» китеби дүйнөнүн төрт тарабындагы гастрономия окурмандарына тартууланат.

Алгач түрк жана англис тилдеринде басылып, келечекте ар башка тилдерге которулушу пландалган китептин январь айында текчелерде орун алышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар