ТРТнын жаңы сериалы «Ойгонуу: Улуу Селжук» 28-сентябрда көрүүчүлөрдүн назарында

ТРТнын билдирүүсүнө ылайык, акыркы жумаларда ысымы берилбестен бөлүшүлгөн биринчи жарнамалык тасмасы менен көңүлдү өзүнө бурган чыгарманын аты, экинчи презентациясында «Ойгонуу: Улуу Селжук» деп жарыяланды.

1488433
ТРТнын жаңы сериалы «Ойгонуу: Улуу Селжук» 28-сентябрда көрүүчүлөрдүн назарында

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) жаңы сериалы Селжук империясынын «Ойгонуу: Улуу Селжук» баяндамасынын биринчи бөлүмү 28-сентябрда чыгат.

ТРТнын билдирүүсүнө ылайык, акыркы жумаларда ысымы берилбестен бөлүшүлгөн биринчи жарнамалык тасмасы менен көңүлдү өзүнө бурган чыгарманын аты, экинчи презентациясында «Ойгонуу: Улуу Селжук» деп жарыяланды.

Жаңы эфирге атагы чыга турган сериалдар менен кирүүгө даярданган ТРТ 1 каналында «Кылыч менен жалтырап, калем менен жарык чачкан доор" окуясын баяндоочу "Ойгонуу: Улуу Селжук"  28-сентябрь, дүйшөмбү күнү биринчи бөлүмү менен көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат.

Бул сериал менен ТРТ экрандарында жогорку баага татыган «Филинта», «Дирилиш Эртугрул», «Пайитахт Абдүлхамид» жана «Же эркиндик, же өлүм» сыяктуу тарыхый сериалдарга дагы бир кубаттуу чыгарма кошулду.

Чоң спектакли бар мезгилдик сериал болгон чыгарма, актёрлору, костюмдары, тарыхый жерлери жана окуясы менен көңүлдү бурат.



Тектеш кабарлар