Режиссер Ферзан Өзпетекке Италияда сыйлык ыйгарылды

77 - Эл аралык Венеция кинофестивалынын алкагында уюштурулган иш - чарада салтка айланган SIAE сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

1484963
Режиссер Ферзан Өзпетекке Италияда сыйлык ыйгарылды

Италияда жашаган түрк режиссер Ферзан Өзпетек Италиянын Жазуучулар жана Басмаканалар Ассоциациясынын (SIAE) «Атайын сыйлыгына» ылайык көрүлдү.

77 - Эл аралык Венеция кинофестивалынын алкагында уюштурулган иш - чарада салтка айланган SIAE сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанатта Италия киносунун жаңы классиги деп аталган  Өзпетектин  20 жылдан бери турмушту ар тараптан сүрөттөп, Түркиядан алып баргандары менен ичинде жашаган коомду азыктандырган жазуучу жана режиссер болушу менен SIAE атайын сыйлыгына ылайык көрүлгөнү белгиленди.

Өзпетек Маркет Беллочио жана Паоло Соррентино сыяктуу белгилүү режиссёрлор алган сыйлыкка татыктуу болду.

Режиссер Өзпетек салтанаттан кийинки билдирүүсүндө, кино, театр жана китеп сыяктуу көптөгөн тармактардагы эмгектери үчүн бул сыйлыкка татыктуу болгонун белгилеп : "Мындай сыйлыкка ээ болуу абдан сонун сезим. Мен аябай кубанып, сыймыктандым",- деди.

Карьериндеги 13 -  узун метраждуу киносу "Ийгиликтин теңири» аттуу киносун көрсөтүүгө киргизген Өзпетек июнь айында да үчүнчү "Бир демдей" аттуу романын  чыгарды.



Тектеш кабарлар