Эмине Эрдоган: «Түркия - дүйнөдөгү эң жоомарт өлкө»

Биринчи айым Эмине Эрдоган Дүйнөлүк гуманитардык күнгө карата Твиттердеги баракчасында маалымат бөлүштү.

1475820
Эмине Эрдоган: «Түркия - дүйнөдөгү эң жоомарт өлкө»

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы, биринчи айым Эмине Эрдоган: «Адамга адам тапшырылган аң-сезим менен иш-аракет кылган Түркия - дүйнөдөгү эң жоомарт өлкө. Биз, жашоо мектебибиз Анадолуда, бөлүшүүнүн бир сугунум нанды дагы көбөйткөнүн үйрөндүк»,-деди.

Биринчи айым Эмине Эрдоган Дүйнөлүк гуманитардык күнгө карата Твиттердеги баракчасында маалымат бөлүштү.

Эмине Эрдоган адамзаттын жер жүзүндөгү дастарконго чогулган чоң үй-бүлө экендигин баса белгилеп, «Мен Дүйнөлүк гуманитардык күндү куттуктайм. Менин каалоом  дүйнө жүзү боюнча адам жашоосуна берилген баалуулук бирдей болуп, тынчтык жана сүйүү биздин арабызда үстөмдүк кылуусу. Топон суу Пакистанда өмүрдү кыйраткан жерге барбасак, биз кантип көз жашты аарчыйбыз? Эгер биз Сомалиге барбасак, үмүтүбүз сууп калган жерде кантип үмүтүбүздү кайрадан калыбына келтирет элек? Рохингия мусулмандары өз жеринен чыгарылып жатканда Бангладешке барбасак, кантип "үнүңдү уктук" деп айтат элек? Ача турган жүрөгүбүз болгону үчүн каалгаларыбызды да ачтык. Андай болбосо бир гана жаңылыктарды гана караган көрүүчү болбойт белек?»-деп жазды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Газиантепте чатыр шаарды кыдыргандан тышкары, биринчи айым Эмине Эрдоган Сомали, Мьянма, Пакистан жана Бангладеште жасаган гуманитардык жардамдардын сүрөттөрүн бөлүштү.



Тектеш кабарлар