ТРТнын колдоосу менен тартылган «Quo Vadis, Aida?» аттуу кинотасма Венецияда ат салышат

Фестивалдын эң чоң сыйлыгы «Алтын Арстан» үчүн 18 тасма ат салышат.

1463943
ТРТнын колдоосу менен тартылган «Quo Vadis, Aida?» аттуу кинотасма Венецияда ат салышат

ТРТнын колдоосу менен тартылган «Quo Vadis, Aida?» Венеция кинофестивалында башкы байге үчүн ат салышат.

Италияда Венециянын Лидо жарым аралында жыл сайын сентябрь айынын башында уюштурулган дүйнөнүн эң байыркы кино фестивалынын 77си онлайн режиминде өткөрүлгөн маалымат жыйын аркылуу таанытылды.

Фестивалдын эң чоң сыйлыгы «Алтын Арстан» үчүн Азербайжан-АКШ биргелеше тарткан режиссер Хилал Байдаровдун "In Between Dying", Эмма Дантенин "Le Sorelle Macaluso", Мона Фастволддун "The World To Come", Мишель Франконун "Nuevo Orden”, Николь Гарсиянын "Amants", Амос Гитайдын "Laila in Haifa", Юлия фон Хайнцтын "Und Morgen Die Ganze Welt", Андрей Кончаловскийдин "Dorogie Tovarischi", Киёси Куросаванын "Spy No Tsuma", Мажид Мажидинин "Khorshid", Корнел Мундруччонун "Pieces of Woman", Сусанна Никкиареллинин "Miss Marx", Клаудио Ноченин "Padrenostro", Жанфранко Розинин "Notturno", Малгожата Шумовска менен Михал Энглерттин "Sniegu Juz Nigdy Nie Bedzie", Чайтанья Тамханенин "The Disciple", Ясмила Збаничтин "Quo vadis, Aida" жана Хлоя Чжаонун "Nomadland" аттуу кинотасмалары менен бирге 18 тасма ат салышат.

«Алтын Арстан» сыйлыгы үчүн ат салыша турган фильмдерге баа бере турган калыстар тобун болсо Австралиялык актриса жана продюсер Кейт Бланшетт жетектейт.

2-сентябрда конкурстук эмес категориядагы Даниэль Лучетти тарткан "Lacci" фильми менен ачыла турган фестиваль 12-сентябрда сыйлык тапшыруу аземи менен аяктайт.

"Quo Vadis, Aida?"

Босния-Герцеговина, Түркия, Австрия, Румыния, Нидерландия, Германия, Польша, Франция жана Норвегия биргелешип тарткан бул кинотасма, 1995-жылы болгон Сребреницадагы кыргынды чагылдырган.

Тасманын окуясы Босния- Герцеговинанын Сребреница шаарында серб аскерлери тарабынан он миңдеген босниялыктар, анын ичинде аялдар жана балдар өлтүрүлгөн геноцид күндөрүн чагылдырып, Бириккен Улуттар Уюмунун базасында өтөт.



Тектеш кабарлар