Сомалиден Түркияга Аясофия куттуктоосу

Куттуктоо билдирүүсү Сомалинин Фонддор жана Дин иштери министрлигинин Твиттер баракчасынан берилди.

1461948
Сомалиден Түркияга Аясофия куттуктоосу

Сомалинин Фонддор жана Дин иштери министрлиги Аясофия-и Кебир Жами-и Шерифинин 86 жылдык мөөнөттөн кийин кайрадан ибадатка ачылганынан улам Түркияны куттуктады.

Сомалинин Фонддор жана Дин иштери министрлигинин Твиттер баракчасынан берилген билдирүүдө, «Сомали Федералдык Респбликасынын Фонддор жана Дин иштери министрлиги, Түрк өкмөтүнүн Аясофияны Аллага сыйынылган мечит катары мурдагы абалына айландыруу чечиминен улам жалпысынан Ислам коомчулугун, өзгөчө тууган түрк калкын куттуктайт»,деген сөздөргө орун берди.


Этикеткалар: #Аясофия , #Сомалинин

Тектеш кабарлар