Түрк доктур Ооганстанда мектеп салдырды

Түрк дарыгери Метин Күлүнк, Түркия менен Ооганстандын ортосунда көпүрө куруу үчүн эки элдин бири-бирин түшүнүшү керектигин белгиледи.

1453436
Түрк доктур Ооганстанда мектеп салдырды

Филантроп түрк дарыгери Метин Күлүнк Ооганстандын Жевизкан шаарында 500 окуучу пайдалана турган 16 класстык мектеп курду.

Метин Күлүнк:«Бул мектептерде биздин бир шартыбыз бар болчу. Шартыбыз ушул мектепте түрк тилинде билим берүү. Түрк билимин берүү үчүн мугалимдин акысы да биз тараптан төлнөт. Биз ушул мектептеги окуучулардын кыялдарын орундатууга аракет кылабыз»,- деп айтты.

Түркия менен Ооганстандын ортосунда көпүрө куруу үчүн эки элдин бири-бирин түшүнүшү керектигин белгилеген Күлүнк, түрк тилинде окуган окуучулар Түркияны да, Түркиянын тарыхын да ошондой эле улуу инсандарын да тааный тургандыгын айтты.

Ошондой эле мектептерде компьютердик класстар жана китепканалар  курула тургандыгын түшүндүргөн Күлүнк, бул мектеп менен билим деңгээли жогорулай тургандыгын баса белгиленип, сапаттуу билим Түркия бериле турганын жана Түркия менен байланыш бекемделе турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар