Магриб Араб аалымдар биримдиги Аясофиянын сыйынуу үчүн ачылуусун куттуктады

Ливия, Тунис, Алжир, Марокко жана Мавританиянын аалымдарынан турган Биримдик жазуу түрүндө куттуктоо жарыялады.

1453487
Магриб Араб аалымдар биримдиги Аясофиянын сыйынуу үчүн ачылуусун куттуктады

Магрип Араб аалымдар биримдиги Аясофиянын ибадатка ачылуусун «чоң тарыхый окуя» деп баалады.

Ливия, Тунис, Алжир, Марокко жана Мавританиянын аалымдарынан турган Биримдиктин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Түрк калкы менен президент Режеп Таййип Эрдоганды жана бүтүндөй Ислам ааламын Аясофиянын ибадетке ачылуусунан улам куттуктайбыз. Бул, чоң тарыхый окуя болду. Үммөттүн кубанычын бөлүшүүдөбүз»,деп билдиришти.

Мечиттердин мусулмандардын сыйынуулары үчүн бөлүнгөн фонддор экендиги, эч кимдин мунун тескесирисинче кыймыл кыла албай тургандыгы белгиленген жарыяда, «Ушундай эле кубанычты Месчиди Аксанын сионисттердин басып алуусунан кутулуп, үммөтүбүздүн залимдерден кутулуусу үчүн да белгилөөнү Аллахтан тилейбиз»,деген сереп салынды.



Тектеш кабарлар