Улуу Британиянын элчиси: "Түркия британдык туристтер үчүн эң коопсуз эс алуу жери"

Улуу Британиянын элчиси Доминик Чилкотт, Анталияда өткөрүлгөн "Кайрадан ачылыш жаса" аттуу таанытуу иш-чараларына байланыштуу таасирлери жөнүндө жана Түркиянын бул процессте көргөн "коопсуз туризм" чаралары жөнүндө баа берди.

1451463
Улуу Британиянын элчиси: "Түркия британдык туристтер үчүн эң коопсуз эс алуу жери"

Улуу Британиянын элчиси Доминик Чилкотт, англиялык туристтердин эң жактырган эс алуу жайы Түркия боло бере тургандыгын айтты.

Чилкотт, өзү катышкан Түркия, коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) болгон эпидемияга каршы күрөшүү жана нормалдаштыруу процесстерин сунуш кылган туристтик кызматтар тууралуу Анталияда өткөрүлгөн "Кайрадан ачылыш жаса" аттуу таанытуу иш-чараларына байланыштуу таасирлери жөнүндө жана Түркиянын бул процессте көргөн "коопсуз туризм" чаралары жөнүндө баа берди.

Жубайы Жейн Леди Чилкотт менен бирге Антальядагы бул иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонуна ыраазычылыгын билдирген элчи Чилкотт, иш-чаранын максаты аэропорттордо жана туристтик жайларда Ковид-19 жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө элчилерди маалыматтандыруу экендигин айтты.

Чилкотт: "Бул сапар абдан пайдалуу болду. Түркияга саякаттын  коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жаткан чараларды чындыгында эле ордунда көрүү маанилүү болчу»,-деди.

Түркия вирусту көзөмөлдөп, ушул убакка чейин жетишкен ийгиликтерин эске алып, 'Коопсуз Туризм сертификациясы программасын" канчалык деңгээлде катуу ишке ашырганын Британиянын өкмөтү көрүп, Түркияга саякаттабоо сунушун жойгонун эске салган Чилкотт: «Улуу Британиянын өкмөтүнүн ушул акыркы чечиминен кийин британиялык туристтер үчүн Түркиянын эң көп тандалган эс алуучу жайы болуп кала берет деп үмүттөнөм»,- деди.

Чилкотт акыркы эки жылда Түркияга келген британдык туристтердин санынын кескин көбөйгөнүн баса белгилеп, бул ылдамдыктын алдыдагы жылдарда дагы улана тургандыгына үмүттөнгөнүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар