YTBнын «Memleket Yolu» аттуу веб барагы ачылды

YTBдан берилген маалыматка караганда  чет өлкөдө жашаган жана авто жолу менен Түркияга келе турган атуулдардын жол багытында ишке ашырыла турган эрежелер орун алган.

1440209
YTBнын «Memleket Yolu» аттуу веб барагы ачылды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) чет өлкөдөн авто жолу менен Түркияга келе турган атуулдар үчүн даярдаган «Memleket Yolu» (Мекенге жол тартуу) интернет барагы иштей баштады.

YTBдан берилген маалыматка караганда  чет өлкөдө жашаган жана авто жолу менен Түркияга келе турган атуулдардын жол багытында ишке ашырыла турган жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) чара көрүүлөрү темасында күнүмдүк транзит багыттарга дагы оңой жете алуусу үчүн «Memleket Yolu» аттуу веб барагы даярдалганы маалымдалды.

Анда, веб барагында Түркияга саякат кылууда эске алынышы керек болгон эрежелерден чек ара капкаларында талап кылынган документтерге, күнүмдүк жол абалдарынан пандемия процессине чейин маалыматтарга чейин муктаждык боло турган бир топ маалымат орун алганы белгиленди.

Айрыкча жол тартууларында проблемага туш болгон атуулардын маселелерин чечүү үчүн веб барагынан түз байланышкан WhatsApp колдоосу көрсөтүлгөнү да белгиленген жарыяда,атуулдардын веб барагы аркылуу чек ара капкаларындагы тыгыздыктарды дароо байкагандары билдирилди.

Күнүмдүк жарыялар дагы бөлүшүлгөн баракчада паспорт, бажы, транспорт, саламаттык сактоо, социалдык коопсуздук, мави карт, салык, аскерлик, билим берүү жана калкты каттоо процедуралары сыяктуу бир топ темага байланыштуу кеңири маалыматтар орун алган «YTB Cep Rehberi» (YTB Чөнтөк телефон маалыматтандыруусу) да орун алган.

Интерент барагына, www.memleketyolu.com  адресинен жете аласыздар.

 

 



Тектеш кабарлар