Сахак Машалян Аясофиянын сыйынууга ачылуусун каалаган билдирүүсүн бөлүштү

Сахак Машалян, Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө Аясофиянын сыйынууга ачылуусу боюнча талаштарга сереп салды.

1435561
Сахак Машалян Аясофиянын сыйынууга ачылуусун каалаган билдирүүсүн бөлүштү

Түркия армяндарынын партиархы Сахак Машалян: «1500 жылдык сан жеткис оңдоо, Фатих Султан фондунун эмгектери, бардыгы ибадаткана катары корголсун деп жасалган болчу. Аясофия сыйынууга ачылсын»,-деди.

Сахак Машалян, Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө Аясофиянын сыйынууга ачылуусу боюнча талаштарга сереп салды.

Аясофиянын оң миң жумушчунун эмгеги менен капитал каржыланып курулганын маалымдаган Машалян буларга токтоду: «1500 жылдык сан жеткис оңдоо, Фатих Султан фондунун эмгектери, бардыгы ибадаткана сыйынуу жери катары корголсун деп жасалган. Музей болсун деп эмес. Кызыккан туристтердин сүрөт тартыш үчүн ары бери чуркоосунун ордуна, тизе бүгүп ыйман келтирген адамдардын урмат-сый жана кастарлоо менен сажда кылуусу, ибадаткананын турумуна дагы ылайыктуу болоорун ойлоодомун.

Аясофия сыйынууга ачылсын. Ибадаткана болушунча чоң. Христиандарга да бир аянты бөлүнүп берилсин. Дүйнө диний тынчтыгыбызды, жетилгендигибизди урматтасын. Аясофия заманабыздын жана адамзаттын тынчтык символуна айлансын. Аябай утопиялуу болдубу? Ансыз деле бардыгыбыз бир көк асмандын астында сыйынып жатпай элебизби? Аясофиянын куполун дагы бөлүшө алабыз. Диний ишеничтерибиз башкача болсо дагы бир Аллаха ишенбей элебизби? 1000 жылдык христиандык  жана 500 жылдык мусулман дубаларын дубалдарына сиңирип, аларды сырдуу жашоосунда синтездеген ибадаткана буга каршы чыгат деп ойлобойм.

Ибадатканага киргиле, жымжырттыкты дем алып жана үйрөнгүлө андан. Аясофия: «Ыйык акылмандык» ибадатканасы, 1500 жылдык адамзат тарыхында тынчтыктан дагы баалуу нерсе жок экендигинин насыятын берет сизге. Жаңы кресттүүлөр жана жарым ай сыяктуу ыңгайыбыз жок. Дүйнөнүн кутулушу крест жана жарым айдын шериктештигинде. Ушундай тынчтыкты дүйнөгө белек кылуу сыймыгы Түркия Республикасы Мамлекетине жарашат».-деп жазды.



Тектеш кабарлар