Министр Эрсой ЕБнин элчилерине коопсуз туризмди түшүндүрдү

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн элчилерине Түркиядагы «Туризм серитификаттоо» программасын түшүндүрдү.

1434169
Министр Эрсой ЕБнин элчилерине коопсуз туризмди түшүндүрдү

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемия процессинде баштаган «Коопсуз туризм сертификаты» эл аралык кызыгууну да Түркияга тартты.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн элчилерине Түркиядагы «Туризм серитификаттоо» программасын түшүндүрдү.

Министр Эрсой, ишке ашырган коопсуз эс алуу тейлөөсүн түшүндүрүш үчүн ЕБнин элчилери менен видео конференция форматында жыйналыш өткөрдү.

Эс алуу үчүн Түркияны тандаган эс алуучулардын аэропортко конгонунан тарта кандай процедуралардан өтө тургандарын, учактарда көрүлгөн чаралар, отелдерде ишке киргизилген системалар, тести позитив болуп чыккан коноктор үчүн кандай чаралар көрүлгөнүн, тесттердин жана тур операторлрунун бул процессте эмнелерди кыла ала тургандарын бардык деталдары менен түшүндүргөн министр Эрсой, элчилердин ишке ашырууга карата суроолоруна да кеңири жооп берди.

ЕБнин Түркия делегациясынын башчысы Кристиан Бергер менен элчи милдетин аткаруучу Элефтерия Пертзинидонун катышуусу менен өткөн эл аралык деңгээлдеги жыйналышка элчилер деңгээлинде катышкан өлкөлөр; Швеция, Финляндия, Нидерландия, Бельгия, Латвия, Австрия, Люксембург, Польша, Словения, Италия, Франция, Испания, Дания, Германия, Греция, Болгария, Румыния, Эстония, Словакия,Ирландия жана Венгрия болду.



Тектеш кабарлар