Демократия жана эркиндиктер аралы ачылышка даяр

Президент Эрдогандын буйругу жана иш-аракеттери менен Мрамор деңизинде орун алган жана Стамбулга жакын турган аралда мындан 5 жыл мурда башталган иштер бүткөрүлдү.

1424545
Демократия жана эркиндиктер аралы ачылышка даяр
demokrasi ve özgürlükler adası.jpg
erdoğan.jpg
erdoğan bahçeli 2.jpg

Түрк демократия тарыхынын эң караңгы мезгилдеринен бирине кожоюндук кылган Яссыада, «Демократия жана эркиндиктер аралы» деген аталыш менен бүгүн президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан тейлөөгө киргизилет.

Президент Эрдогандын буйругу жана иш-аракеттери менен Мрамор деңизинде орун алган жана Стамбулга жакын турган аралда мындан 5 жыл мурда башталган иштер бүткөрүлдү.

Яссыада, мурунку күндөрүн артка калтырып коомдук аң-сезим жагынан абдан маанилүү конгресс борборуна жана ачык асман астындагы музейге айландырылды.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда 1960-жылдын 27-майында аскердик төңкөрүштүн зулумдугуна дуушар болгон Демократ партиялуу 592 саясатчы 15 ай бою Яссыадада абактарда, зындандарда кармалды.

Яссыададагы жалган соттоодон кийин премьер-министр Аднан Мендерес, тышкы иштер министри Фатин Рүштү Зорлу жана финансы министри Хасан Полаткан өлүм жазасына тартылды.

Төңкөрүштүн 60-жылында Яссыада; демократия жана улуттук эркти чагылдыра турган музей, китепкана, конферензия залы жана Демократия панары сыяктуу бир топ символдук түзүлүш менен жаңыланып, президент Эрдоган катыша турган атайын азем менен бүгүн элге ачылат.

Бул учурда президент Эрдоган менен Улуттук кыймыл партиясынын башкы жетекчиси Девлет Бахчели, азем менен элге ачыла турган Деморктаия жана Эркиндиктер аралын кыдырып чыгышты.

Соттоолор болгон музейде иликтөөлөрдү жүргүзгөн Эрдоган жана Бахчели, чоң экранда чыгылдырылган «Кечээкиден Бүгүнкүгө Яссыада» даректүү тасмасын да көрдү.

 Андан соң Демократия жана Эркиндиктер музейине өткөн Эрдоган менен Бахчели, бул жерде Аднан Мендерестин туулган үйүнө окшошу орун алган «Интеллигент үйүнө» да зыярат кылып, күндүн эстелиги үчүн фотосүрөткө түштү.



Тектеш кабарлар