Колумбияда ар апта сайын 2 же 3 киши Исламга өтүүдө

Бул тууралуу Колумбиянын борбор шаары Боготадагы Имам Эл Куртуби институтунун башчысы Ильяс Марзоугуи маалымат берди.

1423146
Колумбияда ар апта сайын 2 же 3 киши Исламга өтүүдө

Колумбияда ар апта сайын 2 же 3 кишинин мусулмандыкты кабыл алып жатканы билдирилди.

Колумбиянын борбор шаары Боготадагы Имам Эл Куртуби институтунун башчысы Ильяс Марзоугуи: «Бул жерде Мусулман болгон бир топ адам бар. Колумбияда ар апта сайын 2 же 3 киши мусулмандыкты кабыл алууда. Көпчүлүгү колумбиялык окуучулар. Жамаатыбыздын 70-80 пайызы Исламга кийин киргендерден турат»,-деди.

Боготада өзгөчө Имам Куртуби меситине кирген мусулмандардын көпчүлүгүнүн 15-40 жаш аралыгындагы Исламды тандаган кишилерден турганын айткан Марзоугуи, ортоңку экономикалык катмардан келген бул муундун Исламга аябай кызыккандарын түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар