ТРТнын Куранды көркөм окуу сынагы жыйынтыкталды

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ТРТ тарабынан 2017-жылдан бери рамазан айында атайын уюштурулган сынактын финалына видео конференция форматында байланышып сынакка катышкандарды куттуктады.

1420544
ТРТнын Куранды көркөм окуу сынагы жыйынтыкталды

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан 2017-жылдан  тарта рамазан айына атайын уюштурулган Кураны Керимди көркөм окуу сынагынын финалы кечээ кесинде ишке ашты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ТРТ тарабынан 2017-жылдан бери рамазан айында атайын уюштурулган сынактын финалына видео конференция форматында байланышып сынакка катышкандарды куттуктады.

Эрдоган сөзүндө, Кураны Керим окуу рамазан айын жандандыруунун эң сонун жолдорунун бири экендигин айтты.

Эрдоган сынакта эмгеги өткөн Дин иштери башкармалыгынын төрагасы Али Эрбаш менен ТРТнын Башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкеы директору Ибрахим Эренге ыраазычылыгын билдирди.

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен болсо 2017-жылы жарыяланган алгачкы күндөн тарта жыл сайын көрүүчүсүн арттырган жана көрүүчүлөрү тарабынан мактоого арзыган программа болгонун айтты.

Сынакта Хүсейин Акбулут биринчиликти, Мухаммет Сизжан экинчиликти, Эййүп Энсар Кылыч үчүнчүлүктү алды.Даражага ээ болгондор ар түрдүү көлөмдөгү толук алтындар менен сыйлыктандырылды.



Тектеш кабарлар