Эрдоган 19-Май Ататүрктү Эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 19-Май Ататүрктү Эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

1419673
Эрдоган 19-Май Ататүрктү Эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамына карата билдирүү жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, 19-Май Ататүрктү Эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамынан улам өз билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүсүнө: «Нурубуз, үмүтүбүз, келечегибиз сүйүктүү жаштарыбыз»,-деп баштаган Эрдоган, 19-майда (Түркия Республикасынын куруучусу) Мустафа Кемал Ататүрктүн Самсунга барышы менен башталган Амсия, Эрзурум жана Сивастан бүтүндөй өлкөгө жайылган Улуттук күрөштү ийгиликке алып барган рухту, толкунданууну жана умтулууну бүгүнкү күндө жаштардын көздөрүндө көргөнүн белгиледи.

Боштондук күрөшү боюнча тарыхта калгысы келген ыйык улуттун умтулуу, эр жүрөктүк, чечкиндүүлүк жана ишеним менен баскан жолдо ар түрдүү кыйынчылыктарга көкүрөк тосконун, жанын аябай мекенине жана желегине багытталган коркунучтарды жок кылганын баса белгилеген президент Эрдоган: «Эркиндиибиздин, эгемендигибиздин жана Республикабыздын кепили ыйык Түрк жаштары...Бүгүнкү күндө биз, сиздерге дагы жарык, үмүттүү жана тынчтыкка толгон келечек камсыздоо үчүн иштеп жатканда, сиздерден күтүүбүз баатыр бабаларыбыздан мурас  калган мекен жана желек сүйүүсүнө, эркиндик сүйүүсүнө ээ болушуңуз, бул улуу баалуулуктарыбызды кийинки муундарга жеткирүүңүз.../.../Милдеттенген чоң жоопкерчиликти билүү менен талыкпай эмгектене турганыңызга, Республикабызды чечкиндүүлүк менен коргой турганыңызга чын жүрөктөн ишенемин»,-деди.

Эрдоган, жаштардын жана ыйык Түрк улутунун 19-Май Ататүрктү Эскерүү, Жаштар жана Спорт майрамын куттуктап, Гази Мустафа Кемал Ататүрк баштаган Боштондук согушунун бардык баатырларын урматтоо менен эскерди.



Тектеш кабарлар