ТРТ, Радио күнүн угармандары менен ободо белгиледи

6-Май Радио күнү 2009-жылдан тарта жыл сайын ар башка облуста өткөн «ТРТ Радио күндөрү» иш-чарасы менен белгиленип келди.

1412362
ТРТ, Радио күнүн угармандары менен ободо белгиледи

Түрк радиочулугунун 93 жылдык түптүү өтмүшүнөн күч алып Түркиянын үнүн дүйнөгө угузуусун уланткан Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) 6-Май Радио күнүн угармандары менен белгиледи.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда Түркияда алгачкы расмий радио берүүсүнүн 1927-жылы 6-майда обого чыгышынан улам 6-Май Радио күнү 2009-жылдан тарта жыл сайын ар башка облуста өткөн «ТРТ Радио күндөрү» иш-чарасы менен белгиленип келди.

Быйыл 6-майда ТРТ тарабынан пландалган «Радио күндөрү» иш-чарасы болсо жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен жоюлууга туура келди.

ТРТ-Радио департаментинин башчылыгында Түркиядагы радио берүүнүн 93 жылдыгынан улам ТРТ Радиолорунун берүүлөрү менен үйлөрдөн белгиленди.

ТРТ Радиосунун искусство чеберлеринин үйлөрүнөн ырдаган жана социалдык медиа аркылуу жарыяланган ТРТ Стамбул жеңил музыка жана жаз оркестринин чакан концерти менен «Үйдө бол» чакырыгы кайталанып, «Үйдө жашоо кызыктуу» билдирүүсүн колдогон радио программалары менен курулган байланыштын эч кандай шартта үзүлбөй турганын да ырастаган болду.

Түркияда 1927-жылы 6-майда Стамбулдун Сиркежи районундагы Чоң почтанын студияга айландырылган чатырынан берилген алгачкы анонс менен башталган радио берүүчүлүгүнүн бекем пайдубалдары боюнча келечекке ишенимдүү кадамдар менен илгерилөөсүндө 1964-жылы ТРТнын курулуусу маанилүү кадам болду.

Бүгүнкү күндө ТРТ Радиолору 93 жылдык түптүү өтмүшүнөн дем күч алып мамлекеттик кызматтын принцип жана негиздеринин жол көрсөтүүсүндө угарманга багытталган, динамикалуу берүү түшүнүгү менен бул тармакта алдыңкы ролун милдеттенишин улантууда.



Тектеш кабарлар