Улуттук гимди ырдап жатканда видео тартуу рекорду багындырылды

Дүйнөлүк балдар рекорддорунун алкагында ишке ашырылган рекорд сыноосуна балдар 23-апрелде саат 21:00де үйлөрүнөн Улуттук гимнди ырдап жатканда тарткан видеолор менен катышты.

1407165
Улуттук гимди ырдап жатканда видео тартуу рекорду багындырылды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) ачылышынын 100 жылдыгынан улам башталган акциянын алкагында 23-апрелдин кечинде 2 миң 135 баланын үйлөрүндө Улуттук гимнди ырдап жатканда тарткан видеолор менен дүйнөлүк рекордду багындырды.

Дүйнөлүк балдар рекорддорунун алкагында ишке ашырылган рекорд сыноосуна балдар 23-апрелде саат 21:00де үйлөрүнөн Улуттук гимнди ырдап жатканда тарткан видеолор менен катышты.

Социалдык медиа Фейсбуктагы Улуттук гимн ырдоо рекорду барагына жана Whatsapp линиясына видео жөнөткөн балдардын саны проф.д-р Орхан Куралдын жетекчилигиндеги Рекорд тастыктоо жана калыстар тобу тарабынан саналып бекитилди.

2 миң 135 бала катышкан рекорддук сыноосу менен эң көп бала менен Улуттук гимди ырдоосун видеого тартуу дүйнөлүк рекордго жетишилди.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына чара көрүүлөрдүн себебинен рекорд сыноосунун сертификат тапшыруу аземи  видеоконференция ыкмасы менен өттү.



Тектеш кабарлар