YTBнин YouTube каналынан түз эфирде концерттери улантылууда

Казакстандык өнөрпоз Арасланбек Султанбеков эртең Түркия убактысы боюнча 21:00дө YTBнин YouTube каналында түз эфирден концерт коёт.

1382440
YTBнин YouTube каналынан түз эфирде концерттери улантылууда

«Домбра»  ыры менен белгилүү болгон казакстандык өнөрпоз Арасланбек Султанбеков эртең Түркия убактысы боюнча 21:00дө Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгы YTBнин YouTube каналында түз эфирден концерт коёт.

YTBнин коронвируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде көчөгө чыгууга тыюу салынган жана карантинге өткөн өлкөлөрдөгү түрк жарандары үчүн интернет аркылуу санариптик концерттерди берүү улантылууда.

Маданият жана туризм министрлиги менен YTB вирустан улам үйдө убакыт өткөргөн түрк жарандарын санариптик жол аркылуу дүйнөгө белгилүү өнөрпоздор менен жолугуштурууда.

Ушунун негизинде YTB «Дүйнөдөгү түрктөр үйүңүздө» деген темада интернет аркылуу түз эфирден концерт программаларын уюштурууда.

Эртеңки санариптик концертте казак өнөрпозу Арсланбек Султанбеков чыгармаларын салттуу музыкалык аспап домбыра менен аткарат.

Концертти https://youtube.com/yurtdisiturkler ссылкасынан көрсө болот.

Вируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде көчөгө чыгууга тыюу салынган жана карантинге алынган өлкөлөрдөгү түрк жарандары үчүн уюштурула турган башка бир концертти 23 -  март дүйшөмбү күнү Түркия убактысы боюнча саат 21:00дө дүйнөгө белгилүү биринчи түрк аял нейзен Буржу Карадаг койот.

Германиядагы жаш талант Моцарт сыйлыгынын ээси Али Инсан менен 17 -  мартта башталган санариптик иш чарага 19 -  мартта пианист, аранжировщик, ырлардын автору Карсу Дөнмез Нидерландияда катышкан. Дөнмездин пианино концерти өзгөчө өлкө тышында чоң кызыгуу көрдү.

YTBнин  YouTube  каналы аркылуу түз эфирден берилген 45 минуталык Карсу концертин 30 миңден ашуун киши көрдү.

Санариптик концерттер кийинки жумаларда да улантылат.



Тектеш кабарлар