Орусия туристтерге эс алуу үчүн Түркияны сунуштады

Орусиянын Тур операторлор биримдиги (АТОР) тарабынан даярдалган «Кайсы жээк өлкөсүнө пакет тур сатып алууга болот?» аттуу тизмеде коронавирус эпидемиясынан дагы аз таасир алган жана эс алуу жери  өзгөчөлүгү болгон өлкөлөр орун алды.

1380017
Орусия туристтерге эс алуу үчүн Түркияны сунуштады

Орусия жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) коркунучу жагынан алганда эң коопсуз эс алса боло турган өлкөлөрдүн катарында Түркияны көрсөттү.

Орусиянын Тур операторлор биримдиги (АТОР) тарабынан даярдалган «Кайсы жээк өлкөсүнө пакет тур сатып алууга болот?» аттуу тизмеде коронавирус эпидемиясынан дагы аз таасир алган жана эс алуу жери  өзгөчөлүгү болгон өлкөлөр орун алды.

Жалпы 10 өлкө орун алган тизмеде Түркия орун алып, Куба, Вьетнам, Мексика жана Таиланд сыяктуу өлкөлөр дагы сунушталды.

Орусия, арасында Кытай, айрым Европа Биримдиги өлкөлөрү, Иран жана Өзбекстан дагы болгон көп сандаган жерге учак каттамдарына чектөө киргизген.

АТОР, бир топ мурдагы жарыясында, орус туристтердин, коронавирус эпидемиясынын себебинен эс алуу пландарында Кытайдын ордуна Түркияны тандай баштаганын билдирген.



Тектеш кабарлар