Алтын апельсин кинофестивалы
Алтын апельсин кинофестивалы Антальяда өтөт.
57-Анталья алтын апельсин кинофестивалы 3-10-октябрь күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.
Анталья шаар башчылыгынын билдирүүсүнө караганда, фестивалдын алкагында толук метраждуу, даректүү тасма жана кыска метраждуу кинотасма номинацияларында боло турган улуттук сынактарга быйыл «Түркияда жаңы бет ачар» шарты коюлду.
Фестивалда 2019-жылдын 1-ноябрынан кийин бүткөрүлгөн же болбосо буга чейин көрсөтүлбөгөн жана чет өлкөдөгү фестивалдарга катышпаган Түркияда бет ачары боло турган кинолор ат салыша алат.
Улуттук сынактарда жалпы 860 миң лираны түзгөн сыйлыктар берилет.
Фестивалда айрыкча дүйнөлүк кинодон тандалмалар, атайын көрсөтүүлөр, балдарга арналган кинолор жана жандуу музыканын коштоосунда үнсүз тасмалар орун алат.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.