Түрк текстиль буюмдары Парижде таанытылды

Парижде өткөн жарманкеге Түркиядан 290 фирма катышты.

1359016
Түрк текстиль буюмдары  Парижде таанытылды

Улудаг текстиль экспортчулар биримдигинин мүчөлөрү Франциянын борбор шаары Парижде бирдей убакта өткөрүлгөн "Premiere Vision Paris" жана "Texworld Paris" жарманкелерине катышты.

Биримдиктен берилген маалыматка караганда 2021 – 2022 жаз -  жай тренддери белгиленген, булгарыдан кебезге, аксесуардан даяр кийимге чейин бир топ товар көргөзмөгө коюлган жарманкеде Түркиядан 290 фирма катышты.

Улудаг текстиль экспортчулар биримдигинин стендинде түрк кебез секторун дүйнөгө таанытуу, сектордун имиджин өнүктүрүү менен өлкө тышында марка болушуна жол башчылык кылуу, азыркы рыноктогу үлүшүн өстүрүү, максат кылган өлкөлөр менен экспортту өнүктүрүү максатында даярдалган "Turkish Fashion Fabrics (TFF) Magazine" журналы таркатылды.



Тектеш кабарлар