TRT Deutsch сыноо берүүлөрүн баштады
TRT-эл аралык каналдары менен глобалдык абийирдин үнү болуусун улантууда.
TRT Arabic жана TRT World каналдары менен Түркиянын үнүн эл аралык аренада угузган Түркия радио-телеберүү мекемеси (TRT) эми немисче берүүлөрүн баштады.
TRT Deutsch кечээтен тарта санариптик платформада сыноо берүүлөрүн баштады.
TRT каналдарынын жана санариптик платформаларынын эл аралык аренада арткан таасири, аткарган милдеттер жана чет өлкөдө ээ болгон престиждүү сыйлыктар TRTнын эл аралык аренада таасирдүү марка болуу жолунда таштаган маанилүү кадамдары болду.
TRT- эл аралык каналдары менен глобалдык абийирдин үнү болуусун улантууда.
Ушул алкакта сыноо берүүлөрүн баштаган TRT Deutsch каналында актуалдуу окуялар ар башка өңүттөн иликтенип, негизги агым медиада байкалбаган альтернативдик темалар талкууланат.
TRT Deutsch ишенимдүү кабар булагы болушу менен бирге ар түрдүү жикчилдикке каршы бекем позиция менен турат. Кызык маектешүүлөр, ар башка темаларда өндүрүлө турган отчеттор жана видео мазмундары менен пикир түрдүүлүгүнө салым кошот.
Тектеш кабарлар
"12 Punto 2024" финалисттери белгилүү болду
Быйыл 100дөн ашуун көркөм фильм долбоору катышкан иш-чара 7-14-июль күндөрүнүн аралыгында өткөрүлөт.