Берлиналенин быйылкы калыстар тобунун төрагасы Жереми Айронс болот

Берлин кинофестивалына саналуу күндөр калды.

Берлиналенин быйылкы калыстар тобунун төрагасы Жереми Айронс болот

Германияда 20-февралдан 1-мартка чейин өткөрүлө турган 70-Эл аралык Берлин фильм фестивалынын (Берлинале) калыстар тобунун төрагалыгына атактуу англиялык актер Жереми Айронс тандалды.

Берлинале жетекчилигинин билдирүүсүндө, Оскар сыйлыгынын ээси, кино тасма жана театр оюнчусу 71 жаштагы Жереми Айронстун быйыл фестивалдын калыстар тобунун башчысы болоору кабарланды.

Карьерасында бир канча кинодо ойногон Айронс, 1991-жылы «Reversal of Fortune» тасмасындагы ролу менен Оскардын эң мыкты актер сыйлыгын жана Алтын глобус сыйлыгын алган эле.

70- Берлиналеде көргөзүлө турчу кино тасмалар азырынча жарыялана элек.

Фестивалдын программасы 29-январда коомчулук менен бөлүшүлөт.



Тектеш кабарлар