Долмабахче сарайын 2019-жылы 1 миллион 306 миң киши кыдырды

Улуттук сарайларга өткөн жылы эң көп Испания, Италия жана Грециядан келген туристтер саякат жасашты.

1333595
Долмабахче сарайын 2019-жылы 1 миллион 306 миң киши кыдырды

Тарыхый сарай, комплекс жана сепилдерди кыдырган чет элдик туристтердин санында жаңы рекорд коюлду.

Улуттук сарайларды башкаруу башкармалыгынын маалыматына караганда, 2019-жылы зыярат кылган жалпы туристтердин саны мурунку жылга салыштырмалуу 27 пайыз өсүп, 1 миллион 430 миңден 1 миллион 815 миң кишиге көбөйдү.

Чет элдик туристтердин саны болсо 43 пайыз өсүп 1 миллион кишиге жетти.

Стамбулдагы Долмабахче сарайы, 915 миңи чет элдик туристтен турган жалпы 1 миллион 306 миң кишини тосуп алды.

Бейлербейи сарайын 173 миң 415, Ихламур Павильонун болсо 85 миң киши кыдырды.

Улуттук сарайларды өткөн жылы эң көп Испания, Италия жана Грециядан келген туристтер зыярат кылды.



Тектеш кабарлар