Коньяда "Кыргызстан жана Айтматов" аттуу концерттик программа өттү

Түркиянын Конья шаарында билим алып жаткан кыргыз студенттер 12-декабрда "Кыргызстан жана Айтматов" аттуу концерттик программа уюштурушту.

1323559
Коньяда "Кыргызстан жана Айтматов" аттуу концерттик программа өттү
конья студенттер2.jpg
конья студенттер3.jpg
конья студенттер4.jpg
конья студенттер5.jpg
конья студенттер6.jpg

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Түркиянын Конья шаарында билим алып жаткан кыргыз студенттер 12-декабрда "Кыргызстан жана Айтматов" аттуу концерттик программа уюштурушту.

Анда башка улуттун өкүлдөрүнө Кыргызстан тууралуу жалпы маалымат берилип,  улуу жазуучу Чынгыз Айтматов даңазаланды.

Концерттик программанын жүрүшүндө "Манас" айтылып, кыргыз күүлөрү чертилди.  Маңкурт болуп кеткен Дөнөнбай тууралуу легенда сахналаштырылды. Кыргызстан жөнүндө ырлар аткарылды. Жазуучу жана Кыргызстанга байланыштуу суроолор келген конокторго узатылып, туура жооп бергендерге Айтматовдун китептери жана башка кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Маданий иш-чаранын көркүн кыргыз бийи ачып, дээрлик бардык номурларды залда отурган ар кайсы улуттун өкүлдөрү жогорку деңгээлде алкыштап, кол чаап турушту. Программанын соңунда көрүүчүлөргө кыргыз даамдарынан ооз тийгизилип, Кыргызстан жана Айтматов тууралуу атайын стенд орнотулду.



Тектеш кабарлар