Вашингтондо түрк даамдарына чоң кызыгуу көрсөтүлдү
Юнус Эмре Институтунун Вашингтон офиси менен Түркиянын Вашингтон элчилигинин да кошкон салымы менен бир стенд ачты.
АКШнын борбор шаары Вашингтондо "Winternational Embassy Showcase" деген аттын атында өткөрүлгөн эл аралык таанытуу күндөрүндө түрк симити менен кофеси миңдеген катышуучудан чоң кызыгуу көрдү.
Рональд Рейган имаратында өткөрүлгөн жана бир топ өлкөнүн Вашингтон элчилиги катышкан иш чаранын ачылышын АКШнын тышкы иштер министрлигинин кеңешичиси Марие Ройсе аткарды.
Юнус Эмре Институтунун Вашингтон офиси Түркиянын Вашингтон элчилигинин да кошкон салымы менен бир стенд ачты.
Түркияны жана түрк маданиятын тааныткан китепчелер менен бирге түрк чайы, түрк кофеси жана кадайыф таттуусу да таанытылган стендде түрк симити чоң кызыгуу көрдү.
Юнус Эмре Институтунун Вашингтон директору Халид Булут иш чарага 60тан ашуун өлкөнүн катышкандыгын белгиледи. Иш чарада чоң кызыгуу менен беттешкендерин белгилеген Булут иш чарага миңден ашуун кишинин катышкандыгын баса белгилеп : «Юнус Эмре Институту катары 2 жарым жылдан бери Вашингтондо иш алып баруудабыз. Түрдүү мүмкүнчүлүктү позитивдүү колдонуу үчүн аракет кылуудабыз. Түрк тилиндеги курстарыбыз, ашкана, кино программаларыбыз, актуалдуу дипломатиянын түрдүү каражаттарын колдонуп Америка коомуна эң туура таанытууга аракет кылуудабыз. Бул жер да биз үчүн күчтүү бир мүмкүнчүлүк болду»,- деди.
Тектеш кабарлар
Женевада Түрк жумалыгы иш-чарасы
Түрк жумалыгы программасы Женевада 22-апрелде башталган жана 25-апрелге чейин уланат.
ТРТнын балдар фестивалына Нарындын "Наристе-Кызгалдак" бий тобу катышты
Биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн жаят.