TRT World Citizen сыйлыктары ээлерине тапшырылды

Жасаган гуманитардык иштери менен дүйнөгө илхом булагы болгон Юсуф Ислам, эң престиждүү сыйлык болгон «Өмүр бою ийгилик» сыйлыгын президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын колунан алды.

1314729
TRT World Citizen сыйлыктары ээлерине тапшырылды
trt world citizen.jpg
trt world citizen.jpg
trt world citizen.jpg
trt world citizen.jpg
trt world citizen.jpg

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) "Позитивдүү өзгөрүүгө илхам болуу" урааны менен түзгөн социалдык жоопкерчилик демилгеси “TRT World Citizen” тарабынан быйыл экинчиси берилген сыйлыктар Стамбулда ээлерин тапты.

 Жасаган гуманитардык иштери менен дүйнөгө илхом булагы болгон Юсуф Ислам, эң престиждүү сыйлык болгон «Өмүр бою ийгилик» сыйлыгын президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын колунан алды.

Эмине Эрдоган, аземде сүйлөгөн сөзүндө Түркиянын дүйнөнүн эң жоомарт өлкөсү катары аныкталганын айтты.

ТРТнын Башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен дагы глобалдык адамзат маселесине чечүүчү жол табылышы үчүн салым кошууну каалагандарын айтты жана ТРТнын медиадагы ордуна токтолду.

Ибрахим Эрен: «Учурдагы дүйнөлүк тартипке каршы күн өткөн сайын дагы бийик үн менен «Дүйнө бештен чоң!» делүүдө. Түркия, бул чоң өзгөрүүнүн, чакырыктын борборундагы өлкө болуп саналат; адилеттүү, жаңы дүйнөнүн жол башчысы болуп эсептелет. ТРТ болсо Түркиянын коомдук берүүсү катары, жаңы медиа жана тил курууда «альтернатива» эмес, «куруучу», «жол башчы» жана «багыт берген» медиа уюму болууга чечкиндүү»,-деди.

Аземде 6 номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Согуштагы аял сыйлыгын социалдык медиада кызы менен бирге жарыялаган билдирүүлөрү менен Халебде болуп жаткан согушту дүйнөгө угузган Фатемах Алабад алды.

Эл агартуучу сыйлыгы Хавва Адем Мухаммедге, коммуникация сыйлыгы Ахмед Абу Ретаймга, жаштык сыйлыгы Рейхан Жамаловага берилди.

Жылдын дүйнө атуулу сыйлыгына ылайык көрүлгөн ысым болсо Ахмет Азиз Вахабзаде болду. Сыйлыкты Ибрахим Эрен тапшырды.

"TRT World Citizen" тарабынан берилген эң престиждүү сыйлык болгон «Өмүр бою ийгилик» сыйлыгы быйыл «Тынчтык поезди» аттуу долбоору менен мусулмандыкты кабыл алгандан кийин Юсуф Ислам деген атка конгон искусство чебери жана активист Кот Стивенске берилди.

Юсуф Ислам сыйлыгын Эмине Эрдогандын колунан алды.



Тектеш кабарлар