Халук Билгинер "Эң мыкты актёр" сыйлыгын алды
Эмми сыйлыктары ээлерин тапты.

Халук Билгинер, 47-Эл аралык Эмми сыйлыктарында «Шахсиет» (жеке адам) сериалындагы ролу менен эң мыкты актер болуп тандалды.
Быйыл 47-жолу берилген Эл аралык Эмми сыйлыктары, АКШнын Нью-Йорк шаарында уюштурулган аземде ээлерин тапты.
Эң мыкты актер номинациясында Түркия, Англия, Германия жана Бразилиядан төрт ысым талапкер көрсөтүлдү.
Өнөрпоз Халук Билгинер 47-Эл аралык Эмми сыйлыктарында «эң мыкты актер» сыйлыгына татыктуу көрүлдү.
Билгинер сериалда альцгеймер (тосушту) оорусу менен ооруган кылмышкер Агахтын ролун ойнойт.
Аземде эки атайын сыйлык жана 11 Эмми сыйлыгы ыйгарылды. Эң мыкты актриса сыйлыгын болсо венгриялык Марина Гера алды.
Тектеш кабарлар

Байыркы Гордион шаарынын аты табылган биринчи жазуу
Бул жылы байыркы шаардын сырткы шаар деп аталган аймагынан фригиялык таш жазуусу табылды.