Осмондук таттууларын италиялыктар абдан жактырышты

Салттуу осмондук таттуулары Италиянын борбор шаары Римде өткөрүлгөн иш чара менен италиялыктарга таанытылды.

1305670
Осмондук таттууларын италиялыктар абдан жактырышты

Салттуу осмондук таттуулары Италиянын борбор шаары Римде өткөрүлгөн иш чарада италиялыктарга таанытылды.

Юнус Эмре Институтунун  Рим Түрк Маданий Борбору менен Орду облусунун Үнйе муниципалитети жана Үнйе көп максаттуу коомдук борбору  ЧАТОМдун кызматташуусу менен жүргүзүлгөн иш чарада Үнйе музей директору Ихсан Акбулут, осмондук ашканасына таандык таттуулардын жасалышы жана түрк маданиятындагы көнүмүш керектүүлөргө байланыштуу бир доклад окуду.

Иш чарага Түркиянын Римдеги элчиси Мурат Салим Эсенли, Үнйе муниципалитетинин төрагасы Хүсейин Тавлы, Орду облусунун мурунку депутаты Мустфа Хамарат, Үнйе ЧАТОМдун төрагасы Селма Хасдемир жана көп сандаган италиялык мамлекеттик кызматкер катышты.  

Шеф Эржан Йылмаз жана тобу даярдаган осмондук таттууларынан халатие, палузе, баклава, локма, күрүч пудинги,  халва, ашура, кадайыф, калбурабасты жана локум келген конокторго тартууланды.

Италиялык коноктордон абдан чоң кызыгуу көргөн таттуулар кыска убакытта түгөндү.

 



Тектеш кабарлар