Долмабахче сарайы Ататүрктү эскерүү күнүндө он миңдеген зыяратчыны тосуп алат
Мустафа Кемал Ататүрк 81 жыл мурда Долмабахче сарайында дүйнөдөн кайткан.
Түркия Республикасынын негиздөөчүсү жана туңгуч президенти Мустафа Кемал Ататүрк 81 жыл мурда Долмабахче сарайында көз жумган. 10-ноябрдагы эскерүү аземи үчүн даярдыктар жүрүп жатат.
Долмабахче сарайы, Ататүрктүн Стамбулдагы алгачкы кайрылуусун жасаган, дүйнө менен кош айтышкан жана акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлгөн жер болушу жагынан абдан маанилүү.
Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүккө көздөрүн жумган Харем бөлүмүндөгү 71 номердүү бөлмө 10-ноябрь күндөрү он миңдеген киши тарабынан зыярат кылынууда.
Улуттук сарайлар башкармалыгы дагы Долмабахче сарайын 10-ноябрь Ататүрктү эскерүү күнүнө даярдап жатат. 205 кишилик топ 10 миңдеген адамды тосуп ала турган сарай жана айланасында келгендердин эң ыңгайлуу түрдө зыяраттарын жүзөгө ашыруулары үчүн тыкыр иштеп жатышат.
Долмабахче сарайын 2018-жылдын 10-ноябрында 80 миң киши зыярат кылган. Зыяратчылардын санынын быйыл көбөйүшү күтүлүп жатат.