Эл аралык 17 - Стамбуленсис ыр фестивалы башталды

Салтка айланган фестивалда бул жылы Балкандардан келген акындар эл менен жолугушууда.

1294822
Эл аралык 17 -  Стамбуленсис ыр фестивалы башталды

Султанбейли муниципалитети тарабынан уюштурулган Эл аралык 7 -  Стамбуленсис ыр фестивалы Түркиядан жана өлкө тышынан акындардын катышуусу менен башталды.

Бул жылы «Балкан ырлары» деген темада уюштурулган фестиваль профессор доктор Нежметтин Эрбакан Маданий Борборунда өткөрүлгөн ачылуу программасы фестиваль тууралуу фильмдин көрсөтүлүшү менен башталды.

Салтка айланган фестивалда бул жылы Балкандардан келген акындар эл менен жолугушууда.

Балкандарда жашаган, аймактын маселелерин жакшы билген, бул маселелерге чечүүчү жол издеген, ырлары менен бир туугандык көпүрөнү курган акындар Султанбейлиде. Фестиваль эки күнгө созулат.

Фестивалга Босния Герцеговиня, Македония, Румыния, Албания, Сербиядан акындар катышууда.

Түрдүү иш чаралар менен акындар 2 күн мектептерде жаштар менен жолугуша турган фестиваль Мармара университетинин Султанахмет кампусунда ыр уктурулуп, 3 Хисар  концерти орун ала турган жабылуу программасы менен аяктайт.

 



Тектеш кабарлар