Орусиялык музыкант Анкарада концерт коёт
Август айында Харбийе Жемил Топуз ачык аба сахнасында концерт койгон жаш пианистке музыка сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөттү.
Орусиялык музыкант, пианист Евгений Гринко Түркия гастролунун негизинде борбор шаар Анкарада концерт коёт.
Июль айынан бери Түркиянын бир топ облусунда күйөрмандары менен жолугушкан Гринко борбор шаардагы күйөрмандары менен 8 - октябрда Bilkent Odeonдо жолугушат.
Август айында Харбийе Жемил Топуз ачык аба сахнасында концерт койгон жаш пианистке музыка сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөттү.
Музыка дүйнөсүндө «Вальс» аттуу ыры менен жаңырык жараткан жана мындан мурда да Түркияда концерт койгон музыкант 17 жылдан бери музыка менен алектенүүдө.
Музыкасына өз маданиятынан издерди ташыган Евгений Гринко Москвага жакын Жуковский деп аталган кичинекей бир кыштактан чыгып, кыска убакытта музыка дүйнөсүндө ийгиликтүү болду. Жаш пианист концерттеринде чоң скрипка группасы жана аккардеончу 5 музыкант менен сахнага чыгууда.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.