Дүйнөнүн эң мыкты дрон пилоттору TEKNOFESTте белгилүү болду

Алдыңкы орунду ээлегендерге акчалай сыйлык берилди.

1274736
Дүйнөнүн эң мыкты дрон пилоттору TEKNOFESTте белгилүү болду

Түркиянын технология фестивалы «TEKNOFEST Стамбул» иш-чарасында уюштурулган World Drone Cupта биринчи орунду даниялык пилот Дэйн Грейс алды.

TEKNOFEST Стамбулда уюштурулган World Drone Cupта дүйнөнүн эң мыкты дрон пилоттору мелдешти.

Италия, Япония, Колумбия, Австралия сыяктуу 37 өлкөдөн 64 пилот катышкан жарышта, Түркияны улуттук курамадан Бату Эрилкун, Атакан Мержимек, Өзгүржан Өзчелик менен Жем Көсел жана Эрдем Үстүнер болуп жалпы 5 пилот өкүлдүк кылды.

World Drone Cup финал турунда даниялык пилот Дэйн Грейс биринчи орунду ээлесе, испаниядан Марк Эспуна экинчи, Алекс Самора үчүнчү болду.

Жарышта биринчиликке 30 миң лира, экинчиликке 20 миң лира, үчүнчүлүккө болсо 10 миң лиралык сыйлык берилди.



Тектеш кабарлар