«The Network» аттуу даректүү тасманын бет ачары болду

Анда ФЕТӨнүн чыныгы жүзү түшүндүрүлгөн.

1235733
«The Network» аттуу даректүү тасманын бет ачары болду
the network istanbul2.jpg
the network istanbul1.jpg

 

Президенттик аппараттын коммуникация бөлүмү жүргүзгөн  долбоордун алкагында, Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) чыныгы жана караңгы жүзүн түшүндүрүү максатында TRT World тарабынан даярдалган «The Network» аттуу даректүү тасманын Стамбулда бет ачары болду.

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) башкы директору Ибрахим Эрен, Улустагы ТРТнын имаратында өткөрүлгөн бет ачардын алдында сүйлөгөн сөз сүйлөөсүндө, эл шайлаган өкмөттү кулатуу жана Түркиянын акыркы жылдардагы демократиялык өнүгүүлөрүн жокко чыгаруу максатында 2016-жылдын 15-июлунда төңкөрүш аракети болгонун белгилеп: «15-июлдан 16-июлга караган ошол түндө, ФЕТӨнүн төңкөрүш аракетине каршы элибиз кары-жаш дебестен, аял-эркек дебестен эбегейсиз зор кайраттуулук менен каршылык көрсөтүштү»,-деди.

Ибрахим Эрен, түрк демократия тарыхы үчүн да 15-июлдун чоң бурулуш жери экенин баса белгилеп: «Козголоңчулардын эң биринчи басып алгысы келген мекемелердин бири катары ошол түндү эч качан унутпайбыз, унуттурбайбыз»,-деп айтты.

Эрен «The Network» аттуу даректүү тасманын негизинде ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн жана дүйнөлүк масштабда канчалык коркунучтуу экенин дүйнөлүк коомчулукка түшүндүрүүнү максаттагандарын айтты.

Ушул максатта Орусия, Япония, Америка, Түрк Республикалары жана көптөгөн Европа өлкөсүндө иш-чараларды өткөргөндөрүн айткан Эрен, ФЕТӨнүн чыныгы жүзүн бүткүл дүйнөгө түшүндүрүү үчүн даректүү тасманын англис, француз, немис, испан, португал, араб, босния жана албан тили менен катар 9 тилде көрүүчүлөргө көрсөтүлгөнүн жана көрсөтүлө турганын билдирди.  



Тектеш кабарлар