Халук Левент Харбийе Жемил Топузлу ачык аба сахнасына чыкты

Халук Левент сахнада «Сребреница» аттуу ырын да аткарды.

1234929
Халук Левент Харбийе Жемил Топузлу ачык аба сахнасына чыкты

 Ырчы Халук Левент кечээ Стамбул Харбийе Жемил Топузлу ачык аба сахнасында күйөрмандары менен жолугушту.

Сребреница кыргыны үчүн жазган «Сребреница» аттуу ырын да аткарган Левент оболу чыгарган ырынын баянына токтолуп : «Көптөгөн жылдар мурда 11 -  июль күнү жазган бир ырым бар эле. Босния Герцеговинага көптөгөн жылдардан бери барам, июль айынын ар бир 9 – 10 – 11 -  күндөрүн ошол жерде өткөрөм. Дүйнө үнүн укпаган учурларда биз ал жерде кыргынга учураган бошняктардын жанында болдук. Бала  - чака дебестен миңдеген киши кыргында каза тапты. Мен ал жерге барганда ал кыйынчылыкты жашадым. Бул ырды да ошол жерде кыргынга учураган бардык кишилер үчүн ырдаймын»,- деди.

Халүк Левент музыка сүйүүчүлөр чоң кызыгуу көрсөткөн  концертте «Учак йапарым», «Тек гечерим», «Елфида», «Анкара», «Анласана», «Ашкын Мапусхане», «Бир йарим олсун истердим» аттуу ырларын аткарды.

Концертте Халук Левенттин бир ырын азербайжандык жаш ырчы Чынаре Меликзаде коштоду.



Тектеш кабарлар