Түркия Эл аралык 22-Тбилиси Китеп жарманкесинин ардактуу коногу болот

Грузиянын Билим берүү министрлиги менен Тбилиси мэриясынын кызматташуусунун алкагында 30-майда башталган 21-Тбилиси Китеп жарманкесинин жабылыш аземи болуп өттү.

1213061
Түркия Эл аралык 22-Тбилиси Китеп жарманкесинин ардактуу коногу болот

Түркия, басма иштери тармагындагы иш-аракеттери жаатында дүйнөдө 6-орунда турат.

Түркия, Грузиянын борбор шаары Тбилисиде алдыдагы жылда боло турган Эл аралык 22-Тбилиси Китеп жарманкесинин ардактуу коногу катары чакырылды.

Грузиянын Билим берүү министрлиги менен Тбилиси мэриясынын кызматташуусунун алкагында 30-майда башталган 21-Тбилиси Китеп жарманкесинин жабылыш аземи болуп өттү.

Expo Georgia  Жарманке борборундагы аземге Түркиянын Тбилисидеги элчиси Фатма Жерен Йазган, Түркиянын басма- чыгармачылык биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасы Эмрах Кысакүрек, Стамбулдун Соода борборунун башкаруу кеңешинин төрага орун басары Исрафил Куралай, Түркиянын басмаканалар биримдигинин төрагасы Кенан Кожатүрк, Грузиянын китеп басмаканалары жана китепчилери бирикмесинин башчысы Гванца Йоваба жана финляндиялык тийиштүү кызматкерлер катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Йоваба, жарманкенин быйылкы ардактуу коногу Финляндияга ыраазычылыгын билдирди.

Йоваба, Тбилиси китеп жарманкечилиги тарыхында алгач ирет ардактуу конок статусун тапшыруу-өткөрүп алуу аземин өткөргөндөрүн билдирип, «Бардыгыбыз эми билебиз 2020-жылы боло турган жарманкенин ардактуу конок өлкөсү Түркия болот»,-деди.

Куралай, басма иштери тармагында Түркиянын ийгиликтүү өлкө болгонун белгилеп, «Түркия, басма иштери жаатындагы иш-аракеттери жагынан дүйнөдө 6-орунда турат. Биз алдыдагы жылда жарманкенин уюштурулушун чыдамсыздык менен күтөбүз. Түркия бул жарманкеге ардактуу конок болуш үчүн олуттуу даярдыктарды кылат»,-деди.

Элчи Йазган болсо Түркия менен Грузиянын чек ара коңшусу өлкөлөр болгонуна карабастан эки өлкөнүн адамдарынын бири-бирилеринин адабиятын азырынча жетиштүү түрдө билбегендерин айтты.

Аземден кийин Гваца Йоваба жана Финляндиянын өкүлдөрү, Түрк делегациясына Эл аралык 22-Тбилиси Китеп жарманкесинин ардактуу коногу өлкөсү документин тапшырды.



Тектеш кабарлар