Буэнос-Айресте китеп жарманкеси

Көргөзмө-жарманке 13-майга чейин уланат.

1190450
Буэнос-Айресте китеп жарманкеси

Испан тилинде сүйлөшкөн өлкөлөрдүн арасында абдан жактырылган Буэнос-Айрес эл аралык китеп жарманкеси 45-жолу каалгаларын китеп сүйүүчүлөргө ачты.

Аргентинанын баш калаасы Буэнос-Айресте китеп фонду тарабынан уюштурулган жарманке, орто эсеп менен 45 миң чарчы метрдик аянтта өткөрүлөт.

Америка жана Европадан көптөгөн жазуучу катыша турган жарманкеге 1 миллиондон ашуун кишинин келээри күтүлүп жатат.

Быйыл ардактуу коногу Барселона шаары боло турган жарманке, өткөн жылы 1 миллион 180 миң кишини тосуп алган жана 2 миң 785 жазуучунун кол тамга күнүнө кожоюндук кылган болчу.

Көргөзмө-жарманке 13-майга чейин уланат.



Тектеш кабарлар