Москвадагы кино фестивалдын ардактуу конок өлкөсү-Түркия

Түркия-Орусия эки тараптуу маданият жана туризм жылынын алкагында өткөрүлгөн фестивалдын ачылышынан улам борбор шаар Москвадагы Россия кинотеатрында азем өттү.

1186840
Москвадагы кино фестивалдын ардактуу конок өлкөсү-Түркия

Түркия «ардактуу конок өлкө» катары катышкан Эл аралык 41-Москва кинофестивалы Орусияда башталды.

Түркия-Орусия эки тараптуу маданият жана туризм жылынын алкагында өткөрүлгөн фестивалдын ачылышынан улам борбор шаар Москвадагы Россия кинотеатрында азем өттү.

Аземге Орусиянын маданият министри Владимир Мединский, Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Халук Дурсун, Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар, искусство чеберлери жана искусство сүйүүчүлөр катышты.

Көп сандаган өлкө менен катар түрк кинолору да көрүүчүлөргө тартуулана турган жана 25-апрелде соңуна чыга турган фестивалда калыстар тобунун арасында режиссер Семих Капаноглу да орун алды.

Маданият жана туризм министрлигинин кино боюнча башкы директору Эркин Йылмаз, Түркиянын, Түркия-Орусия эки тараптуу маданият жана туризм жылынын алкагында фестивалга «ардактуу конок өлкө» катары катышканын белгилеп, «Түркия жана Орусиянын ортосундагы экономикалык жана саясий карым-катнаштардын, маданий жактан бул фестиваль менен чыңдалып жаткан болушу абдан канагаттандырды»,-деди.

Түркиянын кино индустриясынын чек араларды ашканына көңүл бурган Йылмаз: «150дөн ашуун өклөгө сериал экспорттоп жатабыз. Сериал индустриябыз жараткан эконмикалык чоңдук менен АКШдан кийин дүйнөдө экинчи орунда турабыз»,-деп айтты.

Фестивалдын негизги сынагында дүйнөлүк бет ачары боло турган «Капкан» тасмасынын режиссеру Сейид Чолак болсо, кинонун Маданият жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынганын жана ТРТ менен биргелешкен долбоор экенин айтты.

Чолак: «Биз ар бир кинонун ээси сыяктуу максат коебуз жана сыйлык алгыбыз келет. Өлкөм жана өзүмдүн атыман абдан кубануудамын»,-деди.



Тектеш кабарлар