Туризм жумалыгы

15-апрелден 22-апрелге чейин Туризм жумалыгы белгиленет.

1183262
Туризм жумалыгы

Дүйнө жүзүндө 20-кылым менен бирге арткан туризм иш-чаралары ар башка өлкөнүн жарандарынын жаңы жерлерди жана маданияттарды таануусун жана жылдык эс алууларын башка жерлерде өткөрүүсүн камсыздады.

Учурубузда маданият, деңиз, саламаттык-сактоодон тартып спортко чейин бир топ тармакта туризмдин түрлөрү бар. Өлкөбүз табияты, маданияты менен бирге улам арткан туризм түрлөрү менен 2023-жылга чейин дүйнөлүк туризмдин туу чокусундагы алдыңкы 5 өлкөнүн арасына кирүү үчүн иштеп жатат. Тийиштүү мамлекеттик мекемелер, жеке менчик секторубуз, өлкөбүздүн ыктыярдуу туризм элчилери, атуулдарыбыз жана өлкөбүздөн жагымдуу эскермелер менен кетишкен туристтер бул максатка жетүүбүздү камсыздайт. Жаңы эс алуу пландары түзүлгөн ушул күндөрдө таптаза табияты жана миңдеген жылдар сакталган маданий байлыктары менен өлкөбүз дүйнөнүн төрт тарабынан туристтерди күтүүдө.


Этикеткалар: #туризмдин , #элчилери

Тектеш кабарлар